Темир Жумакадыров көзү тирүүсүндө жол кырсыктары тууралуу эмнелерди айткан

Жазылуу
Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешин жетектеп жүргөндө эле жол кырсыктарынын көбөйүп бара жатканына тынчсызданып, аларды алдын алуу боюнча бир нече маселелерди көтөрүп келген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кысыгынан көз жумду.

Ал күч органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөндүктөн, жол кырсыктарына байланыштуу кырдаалга дагы түздөн-түз жоопкерчиликтүү болчу.

Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин төрагасы кезинде эле Кыргызстандагы авто мектептердин ишмердүүлүгүнө тынчсызданып келген.

"Биз айдоочулук күбөлүктөрүн берип жатабыз. Бирок ошол эле айдоочу бир нече айдан кийин кийинки категорияга уруксатты кантип алып жатканын көзөмөлдөбөйбүз. Ошол себептен бардык авто мектептер текшерүүдөн өтүшү зарыл", — деген ал. 

Ал эми июль айындагы Коопсуздук кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында авто мектептердин лицензиясын кайтарып алуу анчалык жеңил эместигин айткан.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт Темир Жумакадыров кайда баратып жол кырсыгына кабылганын айтты
"Автомектептердин лицензиясын кайтарып алуунун жол-жобосун жеңилдетүү маселеси каралды. Анткени бул жерде жарандарыбыздын өмүрү жана ден соолугу тууралуу кеп болуп жатат. Айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар же жакшы окубагандар жолдо адам өлүмүнө себеп болушу ыктымал", — деп айткан Жумакадыров.

Ошондой эле ал жолдогу тартипти күчөтүү үчүн көзөмөл камераларын орнотуп, айып пулдун баасын көтөрүү керектигин сунуштап, бирок бул маселеге комплекстүү кароо керектигин айтып келген.

Ушул жылдын 12-сентябрында кызматтык жыйындардын биринде вице-премьер Темир Жумакадыров тиешелүү органдарга бир айдын ичинде жол кырсыктарды кыскартуу боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берген. Анда Жумакадыров адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп болуп жатканына кейиген.

Мындан тышкары, өлкөдө бул боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жетишсиз деп эсептеген.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТ - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер кырсыктаган жерден алынган кадрлар
ИИМге кайгуул милициясынын кесипкөйлүгүн көтөрүүнү тапшырган. Ал эми транспорт жана жол министрине жол белгилерин орнотуу, жөө адамдар өтчү чийиндерди жаңылоо жана жол чырактарды орнотуу иштерин тез арада бүтүрүүнү тапшырган.

Вице-премьер жол кырсыктарын азайтуу боюнча ишти өз колуна алып, чоң жолдордун эки тилкесин бөлүп турган бетондорду тез арада орнотуу керектигин айтып келген.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0