Экономикалык блок боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Темир Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы кыргыз өкмөтү жана калың эл үчүн оор жоготуу болгонун айтты.
"Мен аны принципиалдуу, ачык, таза адам катары билем. Акыркы кырк күн жаңы өкмөттүн курамында чогуу иштешип, бул убакыт ичинде биз бир туугандай болуп калдык. Бул кыргыз өкмөтү үчүн, кыргыз эли үчүн абдан чоң жоготуу болду", — деди ал.
Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.
Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>