БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мектептин бюджеттен жана бюджеттен сырткары каржыланышы, ата-энелерден акча чогултуунун мыйзамдуулугу боюнча ири иликтөө жарык көрдү.
"Мектептин бюджеттен жана бюджеттен сырткары каржыланышы: Ата-энелерден акча чогултуу муктаждыкпы же коррупциябы?" деп аталган баяндама-иликтөөнү Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту жасаган.
Анда Кыргызстандагы мектептердин бюджети, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен кандай тартипте каржыланышы, мамлекеттин берген акчасы, мектептерде акча чогултуулардын түрлөрү мыйзамдуубу, ата-энелерден акча чогултуу зарылдыгы барбы деген маселелерди анализге алган.
Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси, конфликтолог жана журналист Чолпон Орозобекова Sputnik Кыргызстан агенттигине баяндама туурасында айтып берди.
"Бул сапар мектептердеги ата-энелерден акча чогултуу көйгөйүн алдык. Себеби, айрыкча Бишкек шаарында ата-энелер арасында нааразылык абдан чоң, жылдан жылга күчөп бара жатат. Ар кандай формада акча чогултуулардын түрлөрү бар. Мектептерге республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен нормативдик финансылоо деп коет, окуучунун башына карап каражат саналат. Максатыбыз — ошол формула менен берилип жаткан акча мектептин кайсы муктаждыктарын жабат, кайсынысына акча калбай калып жатат, акча чогултууга зарылдык барбы деген суроого жооп издедик", — деди Орозобекова.
Мындан сырткары, баяндамада Конституцияда айтылган бекер билим берүү кепилдиги жана башка мыйзамдык нормаларда, өкмөттүн токтомдорунда мектептерди нормативдик каржылоо жана анын тартиби кандай көрсөтүлгөнү да иликтенген.
"Негизги максатыбыз – бекер билим берүүгө баш мыйзамдагы кепилдикти жана мыйзамдык нормаларды изилдөө болду. Кайсы жерде, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарда эмне деп айтылган, каражат тууралуу кандай беренелер бар, анан негизгиси – мектептердеги ата-энелерден акча чогултуунун формаларынын ар бири мыйзамдуубу, кайсынысы мыйзамга каршы келерин иликтеп чыктык", — деди ал.
Мектептер ата-энелерди саабай, акчаны башка жактан тапканды үйрөнүшү керек
"Бирок бул мугалимдердин айлыгын кыскартуу дегенге жатпайт, мамлекет республикалык же жергиликтүү бюджеттен калган чыгымдарга каралган каражаттын көлөмүн көбөйтүшү керек", — деп айтылат баяндамада.
Орозобекова мектептер каржы булагын ата-энеден да башка жактардан издеши керектигин айтты.
Бишкектеги мектептердин жалпы долбоордук сыйымдуулугу — 75 975 болсо, бүгүнкү күндө билим алып жаткандардын саны – 147 660 окуучу. Бул эки эсе көп. Бишкек шаардык бийлиги тез арада жаңы мектептерди куруп, мектептердеги орун тартыштыкты жойбосо, мектептердин финансылык муктаждыктары өсө берери айтылган.
Абалды жакшыртуу боюнча сунуштар
Булан институту эки айлык иликтөөсүнөн кийин корутунду да чыгарып, анда бир нече сунуштар айтылган.
Анда Камкордук кеңеш астында түзүлгөн коомдук фонддордун ишин Билим берүү министрлиги текшере албагандыктан, финполиция жана салык кызматтары өңдүү кызматтар текшерүүгө алышы, коомдук фондуга ата-энелер акчаны шартына жараша төгүшү жана мажбурлоого жол берилбеши керектиги белгиленген. Камкордук кеңешке ата-эне ай сайын бере турган жардамдар шаар жергесинде айына 150 сомдон, дубандарда 100 сомдон ашпасын деген чектөө киргизүү керектиги сунушталган.
Учурда Кыргызстанда 2236 мектеп бар. Анда 1 миллион 73 миң окуучу окуп, 79 миңге чукул мугалим иштеп жатат.
Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту – Кыргызстанда светтик жана диний билим берүү системасын реформалоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюм. Буга чейин Кыргызстандагы диний окуу жайларынын, негизинен медреселердеги окуу программалары менен окуу шарттары боюнча баяндама жарыялаган. Кийин орто билим берүү мекемелериндеги окуучулардын батпай жатышын, авариялык абалдагы мектептер, жаңы мектептердин курулуш сапатын анализдеген иликтөө жүргүзгөн.