15:22 18 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Медреседеги кыздар. Архивдик сүрөт

Тизелеп окуган балдар, "жок болуп кеткен" кыздар. Медреселерди реформалоо сунушталды

© AFP 2019 / MOHD RASFAN
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Нургүл Максутова
113832

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту — Борбор Азиядагы коопсуздук коркунучтарын жана конфликттердин алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюм. Баш кеңсеси Бишкекте, ал эми Женевада чакан эл аралык өкүлчүлүгү бар.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абал, анын ичиндеги медреселер тууралуу иликтөө-докладын жарыялады. Анда окуу программалары, светтик билимди интеграциялоо маселеси, каржылык булактары тууралуу маселелер изилдөөгө алынган. Аталган институт диний билим берүүнүн абалын талдап, светтик билим менен диний билимди туура айкалыштыруу маселесин көтөргөн.

Бул баяндаманы даярдаган топко профессор Алмазбек Акматалиев, социолог жана теолог Маметбек Мырзабаев, социолог Максат Жумабаев, тарых илимдеринин кандидаты Шайырбек Шеров, эксперт Алмаз Тажибай консультанттык кылган. Анан сырткары институт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташкан. Төмөндө Sputnik Кыргызстан докладдагы бир нече фактыларга назар салды.

Расмий маалыматтарда 100дөн бир аз ашык. Республика боюнча 102 медресе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, учурда анын 78и иштеп жатат. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан (КМДБ) алынган маалыматка караганда, Бишкекте 5, Чүйдө 28, Таласта 4, Ысык-Көлдө 1, Нарында 2, Жалал-Абадда 6, Ош облусунда 19, Ош шаарында 4, Баткенде 9 медресе бар. КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси Куштарбек Маматовдун айтымында, бул медреселерде 6 миң бала билим алууда. Медреселердин эң чаканында 20га чукул бала окуса, эң чоң дегенинде 200дөй бала окуйт. Булан институту өлкөдөгү 20га чукул медресени кыдырып чыккан.

Арбыган медреселер. Төрт жыл ичинде Кыргызстандагы медреселердин саны 35ке көбөйгөн. Булан институтунун иликтөөсүндө мечит алдында өз алдынча ачылып уруксатсыз иштеп жаткан медреселер да бар экени айтылат. Медреседе окуган балдардын расмий саны 6 миң деп айтылып келет. "Бирок иликтөө медреселерде окуган балдардын саны андан кыйла көп экенин көрсөттү. Себеби, каттоосу жок медреселерде окуган балдарды кошуу керек жана медресеге мектептен кийин же жумасына бир-эки жолу келип жаткан балдардын да эсебин алуу зарыл", — деп айтылган.

Орто кылым жана компьютер заманы. Учурда өлкөдөгү медреселердин ичинен орто кылымдагыдай өтө жупуну абалдагысынан баштап, компьютердик класстары бар заманбап медресеге чейин жолуктурууга болот. Айрым медреселерде китепкана, компьютердик класстар ачылса, бир даарында жада калса, отуруп окуганга стол жок, балдар жерге төшөлгөн килемчеге тизелеп отуруп окушат.

Каражат кайдан келет? Тизелеп окуган медреселер көбүнчө араб өлкөлөрүнөн келген же ички кайрымдуулук уюмдардан түшкөн жардамдарга, же садака сыяктуу мечиттерге түшкөн каражаттарга көз каранды экендиги изилдөө учурунда дайын болду. Иликтөө медреселердин эки түрү болорун көрсөттү. Биринчиси — муфтият менен тыгыз иштешкен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өткөн, өзүнчө имараты бар жана балдарды окутууга шарттары дурус медреселер. Экинчи түрү — негизинен мечиттерде ачылган хужра тибиндеги медреселер. Көбүнүн каттоосу жок, мечиттер өз билгениндей ачып алып, 15-20 баланы окутуп келишет, мында шарттар түзүлгөн эмес деп айтылат.

Медресе күбөлүгүн мамлекет тааныбайт… Дагы бир олуттуу маселе, диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай калат, же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок, ошондуктан мамлекеттик стандарттагы диплом да берилбейт. Медресени аяктады деген күбөлүктү мамлекет тааныбайт, жада калса ал баланын мектепти бүттү деген аттестаты да жок болгондуктан окуусун уланта албай калууда. Булан институту Кыргызстанда диний билимге муктаждык бар болгондон кийин, диний окуу жайлар иштеши керек деп эсептейт. Бирок ошону менен катар бул чөйрөнү тартипке салып, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн чукул чараларды көрүү зарыл.

Билимдүү окутуучуларга муктаждык чоң. Өлкөдөгү медреселерде, диний окуу жайларда сабак берген диний аалымдар менен имамдардын 20 пайызынын гана базалык диний билими бар экени расмий тастыкталган. Муфтияттын эки миңдей кызматкеринин 70 пайызы атайын диний билимге ээ эмес. Болгону 2,5 пайызы гана өлкөдө же чет жерде жогорку диний билим алган. 20 пайызы медреселерди бүтүргөн, ал эми 10 пайызы атайын кыска мөөнөттүү имамдар курсун аяктаган. "Атап айтканда, мамлекет диний билим берүү мекемелерин реформалоо иштерин ыкчамдатып, каттоосу жок өз алдынча иштеп жаткан медреселерди тез арада жабуу керек. Медреселерде диний билимден сырткары, сөзсүз түрдө светтик билим берүү талабы кынтыксыз аткарылууга тийиш", — деп жазылат докладда.

Оу-уу, Өзбекстандан озуп кетиптирбиз. Кыргызстандагы диний билим берген мекемелердин санын Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырып көрсөк, кошуна мамлекеттерде медреселер саны кыйла аз. "Мисалы, 30 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда бир Ислам университети, 6 миллион калктуу Кыргызстанда 100гө чукул диний окуу жай бар", — деп айткан институтка маек бергендердин бири.

Кыздар каякка кетти… "Азыркы иштеп жаткан медреселердин 90 пайызы бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Айрым медреселерде информатика, кыргыз тили бар болгону менен химия, биология, математика сабактары такыр окутулбайт. Медреселер балдарга берген күбөлүктү мамлекет тааныбайт. Бир медресени текшергенибизде 9-классты бүткөн соӊ 20 кыз окуганы кирген экен. Бир жылдан кийин 10 кыз калыптыр. Калгандары каякта десек, күйөөгө тийип кетишти дейт. Бул жакшы көрүнүш эмес", — деп айтып берген академик Мурат Иманкулов.

Мектеп ордун медресеге тарттырып жатабы?.. Мамлекеттик мектептеги окуу-тарбия иштеринин кризиси дагы ата-энелерди диний мектептен альтернатива издөөгө түрткөн учурлар жок эмес деп жазылган докладда. Мектептердеги мушташтар, тартипсиздик, рэкетчилик сыяктуу проблемалар "медреселерде ыймандуу бала тарбияланат" деген түшүнүктү калыптандырууда. Дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов көп ата-эне ыймандуу, адептүү болот деген ойдо баласын медресеге берүүнү эп көрөт деген пикирин билдирген.

Мыкты медреселер да бар… Окуу шарттары жакшы, эки-үч кабат имараты, китепканасы жана компьютердик классы бар алдыңкы медреселер Бишкекте, Чүйдө жана башка шаарларда жайгашкан. Шарты дурус медреселердин катарына Ош шаарында кыздардын, Чүйдө, Бишкекте балдарды окуткан жайлар кирет. Демөөрчүлөрү бар медреселердин шарты мектептердикинен 10 эсе алдыда жана заманбап жабдылганы айтылган. Кара-Балта шаарындагы медреседе машыгуучу зал, балык баккан көлмө жана короосунда чакан атканасы бар экени айтылат. Ал жерде балдарга мал бакканды, багбанчылыкты үйрөтүп, ал тургай улак тартыш өңдүү улуттук оюндарга да машыктырышары маалым болгон.

Диний ишеним билим уясынан алыстаткан балдар. Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, 2012-жылы диний ишенимден улам мектепке тартылбай калган балдардын саны 2 845ке жеткен. Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылы медреселерди текшергенде, 9-класска чейинки 82 баланын медреседе окуп жатканы аныкталган.

Атын алмаштырып, Түмөн Умар, Байжигит Абдулбашарга айланганда… Чүй облусундагы айылдардын бириндеги медресенин биринде балдар жарык дүйнөгө келгендеги ысымдарын өзгөртүп алган учурлар айтылат. 

"Окутуудагы эскичил ыкмалардын таасириненби, окуп жаткан балдар өз аттарын сүннөт ысым деп, ислам дининдеги сахабалардын жана башка белгилүү инсандардын атына алмаштырат экен. Мисалы, Байжигит деген студент ысымын Абдулбашар деп өзгөртсө, дагы бири өзүнө Нурулло Ислам деген ысымды энчилеген, ал эми Түмөн өзүн Умар деп атап алган", — деп жазган тарых илимдеринин кандидаты Шайырбек Шеров эмгектеринин биринде.

Баласын медресе берген ата-энелер кимдер? Сурамжылоодо медреседе окуган балдардын, улан-кыздардын ата-энелеринин 60 пайызы орто билимдүү, 10 пайызы атайын орто, 30 пайызы жогорку билимдүү экени билинген. Жооптордон көрүнүп тургандай, орто билимдүү адамдардын балдары көпчүлүк бөлүгүн түзөрү аныкталды. Ал эми окугандардын басымдуу бөлүгү көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан. "Медресени аяктагандан кийинки алардын 40 пайызы чет өлкөлөрдөн диний билимин улантууну, 25 пайызы мечиттерде, медреселерде иштөөнү, ал эми 5 пайызы дааватка чыгарын билдирген. Ал эми 30 пайызы жарандык жогорку окуу жайларына тапшырууну каалай турганын билдирген".

Корутунду

Мындай иликтөө баяндамадан соң Булан институту бир нече корутунду чыгарган.

Анда тиешелүү тараптардын "Диний билим берүү жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы айтылган. Андан сырткары, медреселерде окуган балдарды каттоону жолго коюп, жашы жете элек балдарды медресеге алган көрүнүштөрдү аныктап, ага катаал чараларды көрүүнү сунуштаган. Институт балдардын светтик да билим алып, жаңы технологияларды да өздөштүрүүгө шарттар түзүлүшү керектиги сыяктуу бир нече сунуштарды айткан.

Булан институту диний радикалдашуунун алдын алуу, анын ичинде Кыргызстанда диний билим берүү системасын реформалоого багытталган долбоордун үстүндө иштейт.

Тема боюнча

Муфтият: ажылыкка барчуларды каттоо иши аяктап, 4924 жаран арыз берди
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
Белгилер:
мыйзам, диний окуу, медресе, билим, бала, муфтият

ЭҢ МААНИЛҮҮ