00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызча сүйлөгөн министр, жаалданган буйвол

Жазылуу
Иш күнүбүз ийгилик менен коштолсун!

"Чачыңар бир жаздыктан агарсын" деген жаңы үйлөнгөн жубайларга айтылган батанын маанисин жалгыз бой кошуна эжени көргөн сайын көп эстечү болдум. Эженин жолдошу жол кырсыгынан төрт жыл мурун каза болуп, үч баласы менен жесир калган. Күйөөсү тирүүсүндө ага эч нерсе кылдырбай балдары менен кошо бапестеп багып, иштетпептир дагы. Кокустан келген кырсык бул үй-бүлөнүн тагдырын таптакыр башка нукка өзгөртүп, азыр үч баласын багам деп назик, үлбүрөгөн эже жашоонун ысык-суугуна эми быша баштагандай. Күнү-түнү тигүү цехинде иштейт, өзүн карабайт, арыктаганын айтпай эле коеюн. "Эч нерсеге кейибейм, иштеп кыйналганым эч нерсе эмес. Жолдошум гана жанымда болсо эмне. Адамды түгөйдөн ажыратпасын" деп кээде буулугуп ыйлап алат.

Кошуна эженикине окшогон жалгыз бой аялдардын канчалаган тагдыры бар. Андыктан ар бир аялзатына да, мырзаларга да үй-бүлөлүк каалайт элем.

Өлкөдө болсо жаңылык көп. Айрыкча саясий айдыңда. Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, Сооронбай Жээнбеков 54,22 пайыз менен алдыга озуп чыкты. Ал эми анын башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов 33,49 пайыз менен экинчи орунга илинген.

Чыдаш керек. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун чачын кыргыз-казак чек ара маселеси агартканы калды окшойт, иш оңунан чыкпай жатат. Ал кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселеси каралган жыйында тоскоолдуктарга бир аз чыдап турууга чакырды.

Экономика министри Артем Новиков өкмөттүн жыйынын кыргызча сүйлөп ачып көпчүлүктү кубантты. Кыргызча үйрөнүп жатканы жакшы, эми ишти да ошондой алып кетсе болду. 

Саясаттан тажагандарга. Дем алыш күндөрү Чүй облусунун Озерное айылында жол тандабастардын жарышы болду. Саясаттан бир аз болсо да мээңизди сергитип, ылайга жуурулушуп чер жазгандардын сүрөттөрүнө көз чаптырып, суктанып алыңыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаезд внедорожников в селе Озерное — 2017
Заезд внедорожников в селе Озерное — 2017 - Sputnik Кыргызстан
Заезд внедорожников в селе Озерное — 2017

Жол тандабас демекчи, Акыйкатчы Кубат Оторбаев миллион сомдук кызматтык жол тандабастан баш тартып, финансы министри Адылбек Касымалиевге кат жолдогон. Катын бул жактан окуп коюңуздар. 

Өткөн жума социалдык тармактар да жаңылыктарга бай болуптур. Ал эми кечээ ал жакта арстандын баласы катуу талкууга алынды.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.66(сатып алуу) жана 68.89 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0