БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен Кылычбек Султанов Кыргызстандын Корея республикасындагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жарлыкка бүгүн кол коюлду.
Эскерте кетсек, Султанов буга чейин өлкөнүн кызыкчылыгын Малайзияда коргоп келген.