БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбор калаада эртең, 27-октябрда КМШ мамлекеттеринин Палата жетекчилеринин XV отуруму өтөт. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Отурумга Россия, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения жана Молдованын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Булардан сырткары Кыргызстанга Сербиянын Россиядагы Соода-өнөр жай өкүлчүлүгүнүн директору келет.
"Жолугушууда бизнестин орто жана кичи субъектилерине көмөк көрсөтүү, көргөзмө-жарманке ишмердүүлүгүн активдештирүү, бирдиктүү маалымат мейкиндигин калыптандыруу, аймак аралык жана чек ара кызматташтыгын кеңейтүү талкууланат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк маселелери боюнча да кеп козголмокчу.