БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ачылган Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатын республикалык бюджеттен каржылоо каралууда.
Билим берүү жана илим министрлиги аталган долбоорду өкмөттүн сайтына коомдук талкууга алып чыккан.
2014-жылы №71 жалпыга билим берүү жайы мектеп-интернат болуп өзгөргөн. Ал жакта өлкөнүн ар кай жеринен келген 200дөн ашык бала окуйт. Президенттин алдындагы билим берүү маселеси боюнча комиссия менен Түркиянын кайрымдуулук фондусу тарабынан бөлүнгөн каражатка мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан соң мектеп заманбап техника, эмерек жана окууга ылайыкташкан бардык жабдуулар менен камсыздалган.
Президент мектепке алгач 1 миллион сом, андан кийин окуп жаткан балдарга спорт кийимдерин жана бут кийимдерин алууга 500 миң сом бөлгөн. Президенттик фонд бүгүнкү күнгө чейин бул мектепке жардам берип, колдоо көрсөтүп келет.
Эми Билим берүү министрлиги 2018-жылдын 1-январынан тарта мектепти өлкө бюджетинен каржылоого өткөрүүнү сунуштоодо.