Жолдошбаева: атаандаштык бар жерде өсүш бар
Жолдошбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде журналистикадагы карьералык жолу тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, атаандаштыкты көралбастык менен алмаштырбоо керек.
"Атаандаштык бар жерде өсүш бар. Бирок аны көралбастык менен алмаштырууга болбойт. ЭлТРде жалаң теңтуш балдар-кыздар менен иштедим. Бир нан алсак чогуу бөлүп жечүбүз. Урушсак, бат эле жарашып алчубуз. Кийин чогуу ийгиликке жеттик", — деди Жолдошбаева.
Жылдыз Жолдошбаева менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.