Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй аягына чыга элек. Айланма жолдо турган фуралардын тыгыны бир нече чакырымга уланууда.
Японияда Американын MegaBots компаниясы тарабынан жасалган Eagle Prime жоокер роботунун бет ачары өттү.
Панамада Мода жумалыгы көпчүлүккө сунушталса, Бишкектин "Асанбай" кичирайонундагы бир нече кафе тилсиз жоонун курмандыгына айланды. Өрт жалмаган жердин жалпы аянты 2000-2500 чарчы метр экени айтылууда. Төрт ресторан менен бир фитнес-клуб жарактан чыкты.
Парагвайдын Конфусо дарыясынын жээгинде балыктардын кырылышы катталды. Азырынча мындай көрүнүштүн себеби тактала элек.

Бахрейнде өткөн BIDEC-2017 эл аралык көргөзмөсүнө келген кыз

Индонезиядагы каман менен дөбөттүн урушу. Бамбук менен тосулган атайын аренага ит менен жапайы жаныбарды кое берип, алардын айыгышкан кармашына жүздөгөн адам күбө болот

Казакстан менен болгон чек арада турган фуралардын тыгыны

Сочи шаарында өткөн XIX Дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалынын ачылыш аземинен ирмем

Бишкектеги "Асанбай" кичирайонундагы өрт. Жалын жалмаган жердин жалпы аянты 2000-2500 чарчы метрди түздү. Төрт ресторан менен бир фитнес-клубдун өрттөнүшүнөн эч ким жабыр тарткан жок

Индиянын Калькутта шаарында Аннакута фестивалынын урматына жашоочулар үчүн күрүч таратылууда

Таиланддын королу Пхумипон Адульядеттин жылдыгына карата күмбөзүнүн жарыктандырылышы. 70 жыл бою мамлекетти башкарып келген король 2016-жылдын 13-октябрында дүйнө салган. Анын өлүмүнөн кийин өлкөдө бир жыл бою аза күтүү жарыяланган

Ири толкун маалындагы бразилиялык серфер (Португалия, Назаре шаары)

Красноярскинин чет жакасында жайгашкан зоопаркты байырлаган 12 жаштагы шимпанзе Анфиса

Парагвайдын Конфусо дарясынын жээгине чыгып калган балыктар. Жапырт кырылуунун себеби азырынча айтыла элек

Мурманскидеги түндүк жаркырагы

Афганистандын Кабул шаарында аскердик машыгуудагы улуттук армиянын жоокерлери

Конго Демократиялык Республикасынын окуучулары математика боюнча сабакта

Таң эрте Норвегиянын Тронхейм шаарында жээкке токтотулган кайык

Бангладеш — Мьянма чек арасынан анча алыс эмес жерде бараткан ата-бала. 25-августка карата катталган маалымат боюнча Мьянмадан Бангладешке качып келген рохинжалардын саны 582 миңге жетти

Россиялык акционист сүрөтчү Петр Павленский өзү өрт койгон Франция банкынын дарбаза алдында турат. Франциянын кылмыш кодексиние ылайык, мындай кадамы үчүн сүрөтчү 150 миң евро айып төлөө менен 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Павленскийдин аты чуулуу аракеттеринен кийин чыккан. Биринде оозун тигип алса, жыныс органдарын Кызыл аянтка кагып салган. Анысы аз келгенсип Лубянкадагы ФСБ имаратынын эшигин өрттөп ийген

Панамада өткөн Мода жумалыгында пляж коллекциясын көрсөтүп жаткан модель

Москвада өткөн Mercedes-Benz Fashion Week Russia алкагында дизайнер Надежда Юсупованын коллекциясы

Японияда Американын MegaBots компаниясы тарабынан жасалган Eagle Prime жоокер роботунун бет ачары өттү