Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековВодопад Абшир-Ата в долине Абшир-Сай
Водопад Абшир-Ата в долине Абшир-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 17…22, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 11…16, Ысык-Көлдө 2…7, Нарын облусунда 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаары менен Ошто жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 19…21 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0