Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: жаңы төрөлгөн бала сөзсүз эмделиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров
Директор Национального центра фтизиатрии Абдуллаат Кадыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын 95-96 пайызы эмделээрин айтты
Кадыров: өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын 4-5 пайызы эмделбей калууда

Жаңы төрөлгөн бала сөзсүз эмделиши керек. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын 95-96 пайызы эмделет.

"Эмдөө негизинен бардык балага карата жасалышы керек. Акыркы жылдардагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын 95-96 пайызы эмделет. Ал эми калган 5-4 пайызы эмдөөдөн өтпөй калат. Анын негизги себеби айрым ымыркайларга карата дарыгерлер тарабынан каршы көрсөтмө берилет", — деди Кадыров.

Ал баланын салмагы, иммунитети аз болгон учурда ийне сайылбай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0