БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мектепте окуучулар арасындагы тоноочулукту алдын алуу жана болтурбоо үчүн "Антирэкет" рейди өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, рейд 18-20-октябрда өткөн. Ошондой эле түндө чоңдордун коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталган.
19-октябрда үч саат ичинде эле 58 бала кармалып, 16 өспүрүм милиция бөлүмдөрүнө алып келинген. Калгандары түшүндүрүү иштеринен кийин ата-энесине жана туугандарына берилген.