Осмонканов: эл комедиядан тажай баштагандай
Эл комедиядан тажай баштагандай. Бул тууралуу режиссер Бакыт Осмонканов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип жатып айтты.
Анын айтымында, акыркы күндөрү комедия кинолор көбөйүп кетти.
"Социалдык драма тартканыбыздын себеби өзүбүздү комедиядан тышкары башка жанрда сынап көрүүнү чечтик. Анын үстүнө азыр баары эле комедия тартып, мындан улам эл деле тажай баштаган өңдүү. Бирок кандай жанрда тартылган тасма болбосун эгер анын сценарийи, тартылышы, актерлору мыкты болсо эл аны сөзсүз көрөт", — деди Осмонканов.
Бакыт Осмонканов менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>