БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Теле алып баруучу Ксения Собчак Россияда 2018-жылы боло турчу президенттик шайлоого катыша турганын билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
"Менин атым Ксения Собчак. Мен Россиянын президенттигине аттанам", — деп жазылат sobchakprotivvseh.ru сайтында.
Ошол эле учурда Собчактын ачык катын "Ведомости" гезити дагы баскан.
Теле алып баруучунун сайтында "Мен бардыгына каршы" талапкермин" деген ураан жазылган.
Белгилей кетсек, Собчак 5-ноябрда 36 жашка чыгат.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул кабар боюнча "Ксения биздин Конституциянын жоболоруна туура келет, андыктан президенттикке талапкер боло алат" деген пикирин билдирген.
Песков ошондой эле Собчактын саясий көз карашы белгисиз экенин айтып, саясий тажрыйбаны нөлдөн баштап топтошу керектигин белгилеген.