БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Казакстандын маалымат жана коммуникация министрлиги Кыргызстан менен болгон чек араны көзөмөлдөө эмнеге күч алганын айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Ведомствонун маалыматына караганда, күчөтүлгөн текшерүү иштери ЕАЭБдин талаптарын аткарууга байланыштуу болуп жатат.
"Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү иштери пландык негизде жүрүүдө. Көзөмөл ЕАЭБдин талаптарын аткаруу жана мыйзамсыз импортко жол бербөө максатында аткарылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Күчөтүлгөн фитосанитардык текшерүүнүн алкагында 105 жүк ташуучу унаа кароодон өтүп, 692,6 тонна карантиндик продукция алынган.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети болсо 11-октябрь күнү террордук, контрабандалык иштер менен шугулданган адамдарды аныктоо үчүн пландык операция жүргүзүлгөнүн билдирди.