БИШКЕК, 12-окт — Sputnik. Сурамжылоолордун жыйынтыгында, европалыктардын басымдуу бөлүгү башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго Россия эмес, АКШ таасир этет деп эсептешери анык болду.
Франциянын тургундарынын 43 пайызы, ошондой эле санда поляктар, 41 пайыз немецтер жана Улуу Британиядагы сурамжылангандардын үчтөн бири (33%) мындай пикирди карманат.
Ал эми Россия шайлоолорго кийлигишет деп континенталдык Европада – поляктардын үчтөн биринен азыраагы – 29 пайыз, немецтердин 28пайызы жана француздардын 27 пайызы эсептейт. Ал эми Британияда суралгандардын бештен бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөгү (21%) да ушундай ойдо.
Ошону менен бирге эле Улуу Британияда башка мамлекеттердеги шайлоолордун өтүшүнө Евросоюз кийлигишет деп эсептегендердин саны жогору – 18 пайыз, ал эми Францияда мындай пикирдегилер – 8 пайыз, Германияда – 10 жана Польшада – 12 пайызды түзөт.
Сурамжылоону Sputnik агенттиги жана радиосу үчүн 20-27-сентябрь аралыгында эзелтен бери коомдук пикирди иликтөө менен алектенген франциялык – IFop ишканасы жүргүзгөн. Анда Франция, Германия, Улуу Британия жана Польшанын 18 жаштан жогору 3228 адам катышкан. Сурамжылоонун катышуучулары калктын жыныс, курагы жана жайгашкан жери боюнча ылганган. Үлгү топтун эң жогору делген катачылыгы ар өлкөгө 95 пайыз ынанымдуулугу боюнча +/- 3,1% гана түзөт.
Sputnik.Пикирлер долбоору тууралуу маалымат: Коомдук пикирди аныктоо боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөштөрү – Populus, Ifop жана Forsa өңдүү белгилүү иликтөө ишканалары. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында АКШ жана Европа мамлекеттеринде абдан орчундуу делген социалдык жана саясый маселелер боюнча коомдук пикирди иликтөөчү сурамжылоолор жүргүзүлүп турат.