Апам жапкан нанды сагындым!.. Керим Турапов тууралуу 7 факты

© из семейного архива Керима ТураповаКРдин Эл артисти, улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси, аты узун элдин учуна тараган тенор үндүү опера ырчысы Керим Тураповдун архивдик сүрөтү
КРдин Эл артисти, улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси, аты узун элдин учуна тараган тенор үндүү опера ырчысы Керим Тураповдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КРдин Эл артисти, улуттук филармониянын мурдагы жетекчиси, аты узун элдин учуна тараган тенор үндүү опера ырчысы Керим Турапов 58 жашка чыкты

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Турапов тууралуу 7 факты сунуштайт.

16 баланын кенжеси. Керим Турапов 1959-жылы 10-октябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. Апасы Майдагүл, атасы Ырысаалы жөнөкөй адамдар эле. Ата-энеси 16 баланы жарыкка алып келип, бирок алды 22 жашка чыкканда биринин аркасынан бири кетип, 11и менен кош айтышкан. Керим Турапов — үйдүн эң кичүү баласы.

© Фото / из личного архива Керима ТураповаАта-энеси 16 баланы жарыкка алып келип, бирок алды 22 жашка чыкканда биринин аркасынан бири кетип, 11и менен кош айтышкан. Керим Турапов — үйдүн эң кичүү баласы
Народный артист Кыргызстана Керим Турапов с отцом - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси 16 баланы жарыкка алып келип, бирок алды 22 жашка чыкканда биринин аркасынан бири кетип, 11и менен кош айтышкан. Керим Турапов — үйдүн эң кичүү баласы

Уйдун туягынан аман калган бала, чуру-чуу түшкөн кошуналар. Тураповдун өзүнүн айтымында, салмагы өтө кичинекей болуп төрөлгөндүктөн, ата-энеси жашап кетишине көп ишенген эмес. Бир күнү жайлоодо жалгыз калса чатырдын ичине уй кирип кетет. Бала уйдун эки бутунун алдында мемиреп уктап жатат. Кошуна-колоңдун баары жетип келет, апасынынын айласы алты жерден кетет. Кудайдан сурангандары эле чүрпөнүн аман калышы. Катуураак дабыш чыкса эле уй баланы былчыйта тепселеп салчудай. Ошондо кудай жалгап, уй бурулуп өзү эле чатырдан чыгып кетет. Ошондон кийин бул баланын өмүрү узун болот деп айтышкан экен.

Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиев (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө кезген Гапар Айтиев 105ке чыкмак. Депутат жана улуу сүрөтчү тууралуу 5 факты
Чыгармачылыктагы узак жол. Оштогу музыкалык окуу жайынын вокалдык бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Студент кезинде эле Асанкан Жумакматов башкарган Мамлекеттик телерадиосунун симфониялык оркестрине чакырылган. Анын ырчылык эмгек жолу элдик ырларды аткаруу менен башталган. Уккулуктуу, кенен диапазондуу лирикалык тенор үнү менен кийин дүйнөлүк вокалдык классикалык ырларды аткарган. Кыргыз классикалык музыкасын кайрадан калыбына келтирүүдө көп эмгек жумшаган. Ошондой эле дүйнөлүк классикалык опералардын эң мыкты партияларын жогорку деңгээлде аткарууга жетишкен.

"Туулган жердин" тарыхы. Керим Турапов аскерде жүргөндө апасынын көзү өтүп, топурак сала албай калган. Ошондон улам апасынын жапкан нанын, айылын сагынып "Туулган жер" аттуу ыры жаралган. Бул ыр көп адамдын көзүнө жаш айлантаары талашсыз.

Өзүн жетекчилик кызматтан сынаган ырчы. 2000-2010-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияны жетектеген. Убагында "Ак жол" партиясы менен депутаттыкка келип, эки жумадан кийин өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

© Фото / из семейного архива Керима ТураповаКелинчеги Салия менен студент кезинде таанышып, төрт жылдан кийин баш кошушкан. Бир уул, бир кызы жана үч небереси бар
Оперный певец, народный артист Кыргызстана Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Келинчеги Салия менен студент кезинде таанышып, төрт жылдан кийин баш кошушкан. Бир уул, бир кызы жана үч небереси бар

Жеке жашоосу. Келинчеги Салия менен студент кезинде таанышып, төрт жылдан кийин баш кошушкан. Бир уул, бир кызы жана үч небереси бар.

Сыйлыктары. Керим Турапов Кыргызстан Ленин комсомолу, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон, Манас орденинини кавалери, ошондой эле 1991-жылы "КРдин Эмгек сиңирген артисти", 1995-жылы "КРдин Эл артисти" деген ардактуу наамдар берилген. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору.

Жаңылыктар түрмөгү
0