Темир Жумакадыровдун тажиясы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүүдө. Маркум менен коштошууга бийлик өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, ага-туугандары келишти.
Вице-премьердин сөөгү Бишкектин жака белиндеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
Үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы 7-октябрь күнү эртең менен Москва районунун Садовое айылында болгон. КамАЗ менен кагышкан жол тандабастын ичиндеги вице-премьер Темир Жумакадыров жардамчысы жана айдоочусу менен каза болгон.
Эскерте кетсек, Жумакадыров вице-премьерликке Сапар Исаков өкмөт башчы болгондо келген. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы милдетин аркалаган.