Жумакадыров менен кошо анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПомощник вице-премьера Темира Джумакадырова Нурлана Джамгырчиева
Помощник вице-премьера Темира Джумакадырова Нурлана Джамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьердин жардамчысы 30, ал эми айдоочусу 33 жашта болгон

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Садовое айылында катталган жол кырсыктан көз жумган вице-премьер Темир Жумакадыров менен кошо анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Вице-премьер Темир Жумакадыровдун өмүрүн алган жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Темир Жумакадыровдун өмүрүн алган жол кырсыктын видеосу
Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү, эртең менен саат 7.30дар чамасында Бишкек — Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышкан.

Анын кесепетинен жол тандабастын айдоочусу менен эки жүргүнчүсү каза тапкан. Өкмөттөн маалымдашкандай, вице-премьер 38 жашта, жардамчысы — Нурлан Жамгырчиев 30, айдоочусу Нурбек Муканов 33 жашта болгон.  

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0