БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өзүн атактуу футболчу Криштиану Роналду деп тааныштырган Кайгуул милиция кызматкеринин видеосу Instagram социалдык баракчасын багынтууда.
Видеону OMKS аттуу колдонуучу жүктөп, кыска убакыттын ичинде аны 54 миңден ашуун адам көргөн.
Милиция кызматкери унааны токтоткондо айдоочу анын атын сураган. Кызматкер эч камырабастан "атым Криштиану Роналду" деп айткан.
Интернет колдонуучулары бул тамашаны жакшы кабыл алып, башкалар да "Криштиану Роналдудан" үлгү алышы керектигин жазышууда.
Кайгуул милициясынын маалымат кызматы азырынча бул окуя боюнча үн ката элек.