ОШ, 5-окт. — Sputnik. Кара-Cуу шаарынын Ленин көчөсүндө үч унаа кагылышып, кырсыктын кесепетинен төрт жүргүнчү ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, окуя 5-октябрь күнү саат 12:30дар чамасында Ош-Кара-Суу жолундагы Кыргыз Чек айылында катталган.
"Subaru Lancaster" үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, маңдай жактан келе жаткан "Mersedes-Benz" үлгүсүндөгү унаа менен кагылышат. Ал учурда "Mersedes-Benz" унаасынын артында келе жаткан "Toyota Estimа" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан эки унаага келип урунат. Кырсыктын кесепетинен унаалардагы төрт жүргүнчү жаракат алып, райондук ооруканага түштү", — деди Бечелов.
Ал кырсык "Subaru Lancaster" унаасынын айдоочусу жол эрежесин одоно бузгандыгынан улам болгонун кошумчалады.