БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Германиянын алтынчы дивизионундагы "Обервюрцбах" футбол клубу порноактриса Лена Нитрону титулдук демөөрчү кылганын Bild басылмасы билдирди.
Клубдун спорт директору Торстен Нельцтин айтымында, мыкты курам чогулгандыктан демөөрчү керек болгон.
#Porno-Star @LenaNitro1 wird
— BILD Sport (@BILD_Sport) 30 сентября 2017 г.
Trikot-Sponsor in der #Kreisliga! https://t.co/sojWwBz8Nc pic.twitter.com/Nr3070hQMS
"Биз акылга келбей турган бир нерсе ойлоп тапкыбыз келди. Бизге туура маанисинен алганда өзгөчө титулдук демөөрчү керек болчу", — деди ал.
Эми клубдун формасында актрисанын аты жана анын сайтынын дареги жазылат.