БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кытай эл республикасынын күнүнө байланыштуу кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү жайлары сегиз күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көзөмөл пунктулары кытай тараптын демилгеси менен 1-8-октябрь күндөрү жабык болот. Ал эми 9-октябрдан тарта жол каттамдар кайра жанданат.