БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө 29…34, Таласта 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл, Нарында 20…25 градус жылуу болот.
Борбор калаа менен Ош шаарында жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 27…29 градуска дейре көтөрүлөт.