Зооинженер, агроном, тарыхчы. Ажолукка ашыккандар кайсы кесипке ээ

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамга баа берүү үчүн, албетте, анын өткөн-кеткени, артында калтырган изи маанилүү

Кыргызстандыктар өлкөнүн келерки президентин тандоо алдында турганда Sputnik агенттиги өлкө башчылыгына ат салышып жаткан талапкерлердин саясатка келгенге чейин ким болгонун билип көрдү.

Төмөндө талапкерлердин кайсы окуу жайда окуганынан тарта саясатка аттанганга чейин иштеген кызматтарынын урунттууларын жаздык.

Арстанбек Абдылдаев

© Sputnik / Табылды КадырбековАрстанбек Абдылдаев
Учредитель и генеральный директор ОсОО Ауирдин Арстан Алай Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Арстанбек Абдылдаев
"Эл үчүн" саясий партиясынын жетекчиси Арстанбек Абдылдаев 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономика адистиги боюнча аяктаган. 1986-1988-жылдары Совет армиясында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Ат-Башы райондук керектөөчүлөр биримдигинде сатуучу болуп баштаган. Кийин Бишкектеги кыргыз-кытай ишканасын жетектеген. 2000-жылы мунай затын сатуу менен алектенген "Аурдин" ЖЧКсын түптөгөн. 2011-жылы болгон президенттик шайлоодо биринчи жолу талапкер катары катталган.

Азимбек Бекназаров

© Sputnik / Табылды КадырбековАзимбек Бекназаров
Собрание народного курултая в Русском драматическом театре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азимбек Бекназаров
Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров алгач Аксы районундагы Кызыл-Туу совхозунда жумушчу болуп иштеген. 1991-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү болуп эмгектенген. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы болгон. 2000-жылы саясатка аттанып, Жогорку Кеңештин депутаттык мандатына ээ болгон.

Өмүрбек Бабанов

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов "агроном", "каржы менеджменти" жана "юрист" адистиктери боюнча үч дипломго ээ. 1988-89-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун коңшу Казакстанда баштап, жоопкерчилиги чектелген коомду жетектеген. Андан соң бир нече муНай ишканаларында иштеп, 2000-жылы Жалал-Абаддагы "Кыргызпахта" ЖАКынын президенти болуп дайындалган. 2002-жылдан тарта "Петро Казакстан Ойл Продакс" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Ошол эле жылдар арасында "Мунай Мырза" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Биринчи жолу Жогорку Кеңешке 2005-жылы Таластын Кара-Буура шайлоо аймагы боюнча депутат болуп келген.

Сооронбай Жээнбеков

Экс-премьер министр Сооронбай Жээнбеков 18 жашында Өзгөн районундагы Ленин мектебине мугалим болуп орношкон. Ал жерде эки жыл эмгектенген соң, Айыл чарба институтуна зооинженер адистиги боюнча окууга тапшырат. Эмгек жолун 1983-жылы Совет совхозунда башкы зоотехник катары баштап, кийин Ульянов атындагы совхоздун директорлугуна чейин жеткен. 1993-жылы Кара-Кулжа районундагы Кашка-Жол колхозунун башкармасы болуп дайындалган. Үч жылдан кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Улукбек Кочкоров

© Фото / пресс-служба ЖКУлукбек Кочкоров
Экс-депутат парламента Улукбек Кочкоров - Sputnik Кыргызстан
Улукбек Кочкоров
Экс-депутат Улукбек Кочкоровдун эмгек жолу Финансы жана экономика министрлигинде башкы адистиктен башталган. Ага чейин Кочкоров КМУда "Финансы жана кредит" бөлүмүн аяктаган. Экинчи адистиги — укук таануу. 1997-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жогорку курсунан даярдоодон өтүп, ошол эле тармакка жумушка орношкон. Бир нече жылдан кийин Салык жана салык чогултуу боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы болууга жетишкен. Саясатка 2011-жылы баш багып, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Арсланбек Малиев

© Фото / Айтбек ОрозбековАрсланбек Малиев
Кандидат в президенты Кыргызстана Арсланбек Малиев  - Sputnik Кыргызстан
Арсланбек Малиев
"Аалам" партиясынын лидери Арсланбек Малиев Украинанын Харьков шарында Тышкы экономикалык байланыштар жана маалымат илимий изилдөө институтун аяктаган. Алгач студент кезинде эмгектене баштаган. Мисалы, Сургут-Уренгой темир жол магистралынын курулушуна эки ирет отряддын комиссары катары барган. Кийин "Киргизвнешторг" республикалык бирикме фирмасынын директору, туризм боюнча республикалык бирикменин жетекчиси, "Кыргызстан-Франция" коомдук бирикмесинин президенти, "МАК" ишканалар системасынын президенти кызматтарын аркалаган. Биринчи ирет 1995-жылы өлкө парламентине депутат болуп шайланган.

Адахан Мадумаров

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАдахан Мадумаров
Мадумаров по итогам выборов: колоссальное разрушение надежды - Sputnik Кыргызстан
Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров тарыхчы жана юрист кесиптеринин ээси. Биринчисин Тверь мамлекеттик, экинчисин Кыргыз мамлекеттик университеттеринен алган. Алгач Өзгөн районундагы совхоздо катардагы жумушчу болуп иштей баштаган. Мадумаров кийин журналистика дүйнөсүнө аралашкан. "Түрк ааламы" гезитинин жана мамлекеттик телерадио компаниясынын балдар жана жаштар программаларына редакторлук кылган. Ал эми парламент депутатынын мандатына биринчи жолу 1995-жылы ээ болгон.

Темир Сариев

"Ак шумкарчы" Темир Сариев кесиби боюнча экономист. 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек ишмердигин Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор болуп иштөө менен баштап, 1987-жылы экономист кызматын ээлеген. Андан соң комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеп, 1991-жылдан тарта Кыргыз товар-сырье биржасын негиздеген. Ошондон кийин жеке ишкерликке кадам таштаган. 1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын директору болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп шайланган.

Бакыт Төрөбаев

© Sputnik / Табылды КадырбековБакыт Төрөбаев
Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Төрөбаев
"Өнүгүү — Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн. 1995-жылдан баштап айыл чарба жана дыйканчылык жаатындагы бир нече ишкананы жетектеген. 2007-жылы элдин колдоосу менен Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болуп келген.

Камчыбек Ташиев

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыбек Ташиев
Судья запретил видео- и фотосъемку на процессе по делу Ташиева - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев Россиянын Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. 1993-жылдан баштап өнөр жай жана айыл чарбасына тиешелүү фирмаларды жетектеген. 2003-жылдан баштап 2005-жылдагы парламенттик шайлоого чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиатынын башчысынын биринчи орун басары болгон.

Токтайым Үмөталиева

© Фото / Самат БараталиевТоктайым Үмөталиева
 Директор ассоциаций некоммерческих и неправительственных организаций Токтайым Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Токтайым Үмөталиева
"Ай-Данек" гезитинин башкы редактору Үмөталиева Кыргыз улуттук университетин физика адистиги боюнча, 2003-жылы Кыргызстандын ТИМинин Дипломатиялык академиясынын аспирантурасын аяктаган. Эмгек жолун ЖОЖдун окутуучулугунан баштаган. Андан соң бир нече бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарды жетектеп, ар кандай маселелер боюнча бир нече комиссияга мүчөлүк кылган. 1997-жылы "Ай-Данек" гезитин негиздеген. 2005-жылы биринчи ирет президенттик шайлоого катышкан.

Эрнис Зарлыков

Эрнис Зарлыков Кыргыз улуттук университетинен "Экономикалык жана социалдык пландоо" адистиги боюнча билим алган. 1993-жылдан баштап Бишкек шаарында райондук жана шаардык финансы башкармалыктарында иштеген. 2016-жылы Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болгон.

Таалатбек Масадыков

© Sputnik / Табылды КадырбековТаалатбек Масадыков
Эксперт по вопросам безопасности Таалат Масадыков - Sputnik Кыргызстан
Таалатбек Масадыков
Таалатбек Масадыков Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтунан эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн. Афганистан, Россия, Англия сыктуу мамлекеттерде кошумча билим алып, өз кесиби боюнча эмгектенген. 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Ал аркылуу кайра эле Афганистан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде кызмат өтөгөн. 2014-жылдын аягында Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0