БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Польшанын Легьоново шаарынын полициясы поезд айдай качкан кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы киши товарларды тартып бараткан локомативдин кабинасына кирип келип, машинистти өлтүрөм деп коркутуп, айдаткан.
Ал поезд менен Легьоново шаарынын борбордук вокзалына чейин келгенде аны полиция кармап, алкоголго жана баңгизатка карата анализ алынган. Учурда полиция окуянын күбөлөрүн суракка алып, анын чоо-жайын тактап жатат.
Полициянын билдиришинче, ээн баш кишинин жоругунан эч ким жабыркаган жок. Поездде машинисттен башка эч ким болгон эмес.