БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жума күнү Бишкектин 16 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлө турганын "Түндүкэлектр" ААКсынан маалымдашты.
Жарык өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси:
- Лермонтов, Веселой, Жибек-Жолу, ЧЧК көчөлөрү;
- Красный строитель конушу жана Набережная, Бухара, Новая, Адыр, Наманган көчөсү жана Адыр менен Берлик тар көчөлөрү;
- Туңгуч кичи районунун 27-үйү, Дэн Сяопин көчөсүнүн 14-үйү;
- Тоголок Молдо, Күрөңкеев, Исанов, Ахунбаев жана Абай көчөлөрү.
Аталган аймактарда электрстанция жана трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлөт. Жарык берүү эртең мененки 9.00дөн кечки 18.00гө чейин үзгүлтүккө учурайт.