БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Сочи шаарында Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин жолукту. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Атамбаев бүгүн Сочи шаарына жумушчу сапары менен учуп келген.
Буга чейин маалымдалгандай президенттер эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери жана ЕАЭБ алкагындагы өз ара мамилени талкууламакчы.
Эки президент, мындан тышкары, октябрь менен ноябрь айларында ЕАЭБ менен ЖККУ жыйындарында жолугары айтылган.