БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатында ишке ашырылып жаткан негизги багыттар тууралуу маалымат алды. Андан сырткары, алдыда боло турчу сапарларына даярдыктар боюнча кеп болгон.
"Атамбаевдин Сочи шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен боло турчу жолугушуусу жана президенттин Нью-Йорк шаарына болчу иш сапары учурунда БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуусу тууралуу даярдыктар жана Кыргызстан тарабынан демилгеленген иш чаралар боюнча маалымат берилди", — деп айтылат маалыматта.
Атамбаевдин Нью-Йоркко болгон сапары 17-24-сентябрга пландалган.
Андан сырткары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү жана Атамбаевдин Өзбекстанга болчу мамлекеттик сапарынын даярдыгы боюнча да талкуу жүргөн.