Көлдүктөр үчүн жакында беш мектеп, төрт бала бакча колдонууга берилет

Жазылуу
Учурда Ысык-Көл облусунда 17 мектеп, сегиз бала бакча жана сегиз спорт зал курулуп жатат

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жакынкы күндөрү беш мектеп жана төрт бала бакча колдонууга берилет. Бул тууралуу вице-премьер Темир Жумакадыров Орто-Орок айылында Жапар Шабиров атындагы жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, курулушуна республикалык бюджеттен 47 миллион сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары, учурда Ысык-Көл облусунда 17 мектеп, сегиз бала бакча жана сегиз спорт зал курулуп жатат. Анын ичинен беш мектеп жана төрт бала бакча жакынкы күндөрү иштей баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0