ОШ, 2-сент. — Sputnik. Ош калаасында Сай бою менен Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош калаасында Сай бою менен Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

Көпүрө Ак-Буура дарыясынын эки жээгиндеги көчөнү бириктирип, калаа тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулду.

"Аталган көпүрөнүн узундугу 45, туурасы 15 метрди түзөт. Ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метр. Анын курулушуна 21,2 миллион сом жумшалды", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Көпүрөнүн ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков, калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, жергиликтүү жашоочулар катышты.