БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапары менен келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш сапар тууралуу эки өлкөнүн премьерлери Сапар Исаков менен Абдулла Ариповдун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин белгилүү болгон.
Өзбекстандын премьери Арипов Сапар Исаковду жаңы кызматка келиши менен куттуктап, ага ийгилик каалаган.
Ошондой эле өкмөт башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу жана чек ара маселелерин талкуулашкан.
Мындан тышкары, Өзбекстандын президентинин иш сапары дагы сүйлөшүлгөн.