БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Эстрада ырчысы Мыктыбек Нурланбеков Румынияда өткөн эл аралык музыкалык сынакта баш бейгени багындырганын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү тастыктады.
Анын айтымында, сынакка Украина, Молдова, Румыния жана Кыргызстандын таланттары катышкан.
"Конкурсанттардын саны 50гө чукул болду. Мен Атай Огонбаев атабыздын "Эсимде" ырын аткарып, баш бейгени жеңип алдым. Кубанычымда чек жок", — деди Нурланбеков.
Ал сынак Румыниянын Пиатра Ниамц шаарында өткөнүн кошумчалады.
Эске сала кетсек, Нурланбеков буга чейин Молдовада өткөн конкурста дагы баш бейгени жеңип алган.