БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыздар курама командасы дүйнө биринчилигине учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, чемпионат 28-августтан 5-сентябрга чейин Норвегиянын борбору Осло шарында өтөт. Анда өлкө намысын коргоо үчүн сегиз кыздан турган команда катышат.
Буга чейин курама команда дүйнө биринчилигинде 2016-жылы экинчи, 2013-жылы төртүнчү орундарга татыган.