Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. 28-август күнү өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Ураган Харви в США - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыздар, сак болгула! Катуу бороон күтүлүүдө
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүзү 30…35 градуска чейин көтөрүлсө, Таласта 28…33 градус ысык болору айтылды. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы 30…35 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө 21…26, ал эми Нарында 25…30 градус болору божомолдонду.

Бишкекте күн 31…33 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0