БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 жаш чамасындагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, аялдын сөөгү бүгүн, 27-августта саат 10.30дар чамасында "Тазалык" кызматкерлери тарабынан табылган.
"Өлүктүн башы жок, буттарын кесүүгө аракет жасалган. Учурда укук коргоочулар үрөй учурган кылмыштын бетин ачууга киришти", — деп айтылат маалыматта.
ШИИББден толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.