Бечелов: милиция Алайдагы кырсыктын себебин иликтеп жатат
Милиция бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу Ош облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.
Эскерте кетсек, 26-августка караган түнү саат 01.30дар чамасында Ош — Эркечтам жолунун 233-чакырымында Hyundai Porter менен ЗИЛ кагышып, биринчи унаанын айдоочусу 36 жана 38 жаштагы эки баласы менен ошол жерден мүрт кеткен.
"Милиция жыл башынан бери эле ар кандай рейддерди өткөрүп келет. Бирок ага карабастан жол кырсыктары болуп жатат", — деди Бечелов.
ЗИЛ унаасындагы айдоочу менен дагы төрт жүргүнчү ар кыл жарааттары менен райондук ооруканага жеткирилген.