БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылында жайкы туризм фестивалы өтөт. Бул тууралуу USAID уюмунун Бизнести өнүктүрүү демилгеси программасы билдирди.
Маалыматка ылайык, "J-Fest 2017" аталышындагы фестиваль 27-августка белгиленген. Анда жөө жүрүш, велосипед жана ат менен турлар, улуттук ат оюндары уюштурулат. Андан сырткары, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары тартууланып, атайын майрамдык концерт пландалган.
Иш-чарага эс алуучулар, туроператорлор катышып, туристтер үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныша алышат.