Өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок, болгону бир нече министрлер менен вице-премьерлер алмашты.
Алардын арасында эң жаш министр катары 30 жаштагы Артем Новиков бар. Андан сырткары, 40тын кырынан жаңы ашкан министрлер менен вице-премьерлер да жаңы өкмөттүн курамына кирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жума башында аны Боршайком президенттик шайлоого расмий талапкер катары каттагандан кийин отставкага кеткен.