Жыргалбек Саматов: көк бөрүнүн финалы жеңил болбойт

Жазылуу
Бүгүн Астанада көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнү башталды. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы тажик улакчылары менен беттешет. "А" тайпасындагы командалардын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары буга чейинки үч оюнда тең жеңишке жеткен.

Оюндун алдында Sputnik Кыргызстан агенттигин кабарчысы Эламан Карымшаков Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов менен оюндун жүрүшү тууралуу маек курду.

© Фото / пресс-служба ЖК КРКөк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов
Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов

— Астанада кандай жашап жатасыздар, аттардын жем-чөбү жетишерликпи?

— Балдарга жакшы шарттар каралган. Атайын жатакана бөлүнүп, үч маал тамак берилип жатат. Аттарыбыз кармалган сарайда видео камералар коюлган. Аргымактарды атбагарлар жана өзүбүздүн балдар карап жатышат. Ал эми оюнга келсек, ар команда өзүнүн деңгээлине жараша оюн көрсөтүүдө. Негизи мелдештин жүрүшү жакшы эле нукта бара жатат десек болот.

— Уюштуруучулар тарабынынан аттарга деп атайын сарай берилгенби?

Участник национальной игры Кок-бору во время соревнований. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Астана: көк бөрүнүн үч күнкү жыйынтыгы. Алдыга озуп чыккан өлкөлөрдүн тизмеси
— Бул жердеги стадиондо 40 аттык орун бар экен. Анда ат майдандын балансындагы 25 ат кармалып жатыптыр. Калган 15 орунга Казакстандын командасы аттарын киргизген. Башка командалардын аргымактарына сырттагы ачык жерден орун берилди. Биздин аттарды андай шартта кармоо мүмкүн болбогондуктан макул жолгон жокпуз. Алдын ала Астанадагы тааныш досторубуз менен сүйлөшүп аргымактарыбызды алардын сарайында кармап жатабыз. Жашаган жерибизден 15-20 чакырым алыс жайгашкан. Башка бир да мамлекет өзүнүн аттарын алып барган эмес. Баарына казактар беришти.

— Буга чейинки оюнда мүчүлүштүктөр болгон жокпу?

— Азырынча майда кемчиликтерди гана байкап жатабыз. Мисалы, өзбектер менен ойногондо биздин бир улакчы аттан ооп, аты качып кетти. Оюнчу жөө чуркап оюн талаасынан чыккандан кийин гана алмаштырылды. Болгондо да өзүнүн аттары жакка чыгышы керек болду. Ушундай эле абалга америкалыктар да туш болду, бирок оюнчу талаанын башка тарабына чыгып кетсе да кийинки оюнчуну киргизип жиберишти. Муну кечинде калыстардын жыйынында айтсам, калыстын катасы болуп калыптыр деп кечирим сурашты.

— Кечээки оюнда Рустам Тыналиев мелдеш соңуна чыга электе көйнөгүн чечип салганы үчүн бир оюндан четтеп калышы мүмкүн деген кептер айтылды эле…

— Мен калыстар менен анча-мынча маселелер менен сүйлөшүп жатканда ошондой болуп Тыналиевди эртеңки оюндан четтетебиз деп микрофондон айтып жиберишиптир. Бул да кечинде калыстардын жыйынында айтылып, оюнчуга оозеки эскертүү берилди. Анткени ал жерде түз эфирден дүйнө эли көрүп жатат деп түшүндүрүштү. Муну биз да туура кабыл алдык. Эреже боюнча алгач оозеки эскертүү берип, андан кийин оюнга чыгуусуна канча бир убакытка чектеп, анан оюндан четтетиш керек да.

— Оюндун алдында такага байланышкан чыр чуу жаратты. Жаңы оюндун эрежелери боюнча алдын ала жобо жөнөтүлдү беле?

Астанада намыс талашып жаткан кыргыз улакчылары оюндан кийин. Видео - Sputnik Кыргызстан
Астанада намыс талашып жаткан кыргыз улакчылары оюндан кийин. Видео
— Ооба, жоболор менен алдын ала таанышып чыкканбыз. Бирок бул жакка келгенибизде коюлган талаптар жободо жазылган эрежелер менен дал келбей калбадыбы… Мисалы, оюн үч бөлүктөн турат десе, иш жүзүндө эки бөлүк менен өтүп жатат. Така дагы ошондой болду. Жободо аттын алдыңкы туяктарына така кагылат деп жазган. Ал эми арткы туяктарынын такасын чечиш керек же чечпеш керек деп так жазылган эмес. Мындайда дүйнөлүк эрежелерге таянууга толук укугубуз бар. Биз ошол нерсени карманып оюнга чыкпай турдук.

— Спорттук такалардын жөнөкөй такалардан айырмасы кандай болот?

— Мында аттарга эл аралык стандартка туура келген спорттук така кагылат. Ал алюминийден жасалып, жеңил жана атка ыңгайлуу болот. Жөнөкөй такалардан айырмаланып бөркү жок (таканын ийилген жери — ред.) жалпак болот.

— Буга чейин Тажикстан командасы үч оюнду жеңип чыкты. Аларга кандай баа бересиз?

— Көк бөрү тажиктер үчүн да жат оюн эмес. Алар да буга чейин ойноп келишкен. Ошондуктан жеңип жатышат. Эми бүгүнкү беттештин жыйынтыгы кандай болорун оюн көрсөтөт.

— Эки оюндан кийин финалдык беттеш болот. 2013-жылы казактар менен кыргыздардын беттеши чыр менен коштолду эле. Бул оюнда финалда казактар менен чыгып калсаңыздар ошондой нерселер кайталанбайбы?

— Азырынча көрөгөчтүк кылуудан деле алысмын. Бирок 2013-жылкы жана оюндун башындагы окуяларды эске ала турган болсок финал жеңил болбойт. Ага карабай бүтүндөй өлкө үмүт артып жеңишти күтүп тургандан кийин баш байгени багындырууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Мында эреже боюнча башка өлкө калыстык кылышы керек.

— Буга чейин ойнолуп келген көк бөрүгө казактар жаңы эреже киргизип "көкпар" деп алып чыгуусу эмнеден кабар берет?

— Казактар өзүнүн оюну катары чыгаргысы келип жаткандай. Анткен менен бул эрежелер биз үчүн өтө чоң кыйынчылык жараткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0