Премьерликке чейин кайда эле... Өкмөт башчылардын "өтмөк" ашуулары

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөт башчылыкка келген атка минерлер оомат келгенге чейин кайсы жакта иштегендигин тизмектеп көрдү

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Сооронбай Жээнбеков президенттикке ат салышып жаткандыктан кызматын тапшырды. Жакынкы күндөрү аталган кызматка башка адамдын келиши күтүлүп жатат.

Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги өкмөт башчылыкка келген атка минерлер бул кызматка чейин кайсы жакта иштегендигин карап көрдү. Тизмекке 2005-жылдагы революциядан берки премьерлер кирип, милдетин аткаруучулар кошулган жок.

Кулов (2005-2006-жылдары)

Феликс Кулов (2005-2006-жылдары өкмөттү жетектеген) 24-мартка чейин соттолуп, түрмөдө отурган. Революция болоор түнү Жогорку Кеңеш Куловду күч түзүмдөрүнүн жетекчиси деген чечим кабыл алган. Анткени Кулов оппозиция лидерлеринин бири болгон.

Кийинчерээк Куловдун ишин Жогорку сот карап чыгып, саясатчыны актаган. Көп өтпөй "Арнамысчы" Кулов Курманбек Бакиев менен тандем түзүп, шайлоодон кийин өкмөт жетекчиси болуп дайындалган.

Исабеков (2007-жылдын январь-март айлары)

Азимбек Исабеков өкмөттү Феликс Кулов жетектеп турган кезде айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп турган. Жогорку Кеңеш Куловду эки жолу колдобой койгондон кийин өкмөт башчылыкка Исабековдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Атамбаев (2007-жылдын март-ноябрь айлары)

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Атамбаев (2007-жылдын март-ноябрь айлары)
Выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев (2007-жылдын март-ноябрь айлары)
Алмазбек Атамбаев Кулов башында турган өкмөттө өнөр жай, соода жана туризм министри болууга жетишкен. Бирок кызмат ордун 2006-жылдын апрель айында тапшырып, оппозицияга өткөн. Кулов Бакиевдин отставкага кетүүсүн талап кылып масштабдуу митинг өткөрүүгө камынганда, Атамбаевге өкмөттү жетектөө сунушу түшкөн.

Чудинов (2007-2009-жылдары)

© Sputnik / Табылды КадырбековЧудинов (2007-2009-жылдары)
Депутат Игорь Чудинов - Sputnik Кыргызстан
Чудинов (2007-2009-жылдары)
Игорь Чудинов өкмөттү Исабеков менен Атамбаев жетектеп турган маалда Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигин башкарып турган.

Үсөнов (2009-2010-жылдары)

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүҮсөнов (2009-2010-жылдары)
Новый премьер-министр Кыргызстана Данияр Усенов - Sputnik Кыргызстан
Үсөнов (2009-2010-жылдары)
Данияр Үсөнов өкмөт башчы болгонго чейин президенттин администрациясын жетектеген. Ал Бакиевдин учурундагы акыркы премьер болуп калды.

Отунбаева (2010-жылдын апрель-декабрь айлары)

© Фото / посольство КР в РФОтунбаева (2010-жылдын апрель-декабрь айлары)
Глава государства Роза Отунбаева - Sputnik Кыргызстан
Отунбаева (2010-жылдын апрель-декабрь айлары)
Роза Отунбаеванын саясаттагы жолу уникалдуу. 2010-жылдын 7-апрелине чейин оппозиция лидерлеринин бири болгон. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттү, кийин Өткөөл мезгилдеги өкмөттү жетектеген. Ошондой эле өткөөл мезгилде убактылуу президент болгон.

Атамбаев (2010-2011-жылдар)

Оппозиция лидерлеринин бири. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт төрагасынын орун басары болуп, экономиканы тескеген. КСДП менен парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен. 2010-жылдын декабрында Жогорку Кеңеште коалиция түзүлүп (КСДП, "Республика" жана "Ата Журт фракциялары"), Атамбаевди премьер-министрликке көрсөткөн.

Бабанов (2011-2012-жылдар)

Өмүрбек Бабанов көпчүлүк коалицияга кирген "Республика" фракциясынын лидери болуп, Атамбаевдин өкмөтүндө вице-премьерликти аркалаган. Атамбаев президент болгондон кийин жаңы түзүлгөн коалиция ("Ата Журттун" ордуна "Ар-Намыс" менен "Ата Мекен" фракциялары кирген) өкмөт башчылыкка Бабановду сунуштаган.

Сатыбалдиев (2012-2014-жылдар)

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүСатылбадиев (2012-2014-жылдар)
Парламент Кыргызстана денонсировал соглашение о ЦТП Манас - Sputnik Кыргызстан
Сатылбадиев (2012-2014-жылдар)
"Аргымак чырынан" кийин коалиция бузулуп, Бабанов ээрден шыпырылган. Парламенттин жаңы коалициясы премьер-министр кылып ошол учурда президенттин аппаратын башкарган Жантөрө Сатыбалдиевди шайлаган.

Оторбаев (2014-2015-жылдар)

Коалиция кайрадан бузулуп, Сатыбалдиевдин ордуна анын биринчи орун басары Жоомарт Оторбаев келген.

Сариев (2015-2016-жылдар)

Акыркы үч өкмөттө экономика министри болуп келген Темир Сариев өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берген Оторбаевдин креслосун ээлеген.

Жээнбеков

"Балыкчы — Корумду" жолунун чырынан кийин Сариев кызматынан кетип, премьер-министр болуп президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сооронбай Жээнбеков келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0