Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКол чатырлар. Архив
Кол чатырлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 23…28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 26…31 градус, Ысык-Көл менен Нарын облустарында 20…25 градус жылуу болот.

Ош шаары менен Бишкекте күн ачык болуп, 30 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0