БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кайрылуусу боюнча кыргызстандыктар ага жардам берип жатышат. Бул тууралуу ал өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
17 жаштагы Аделина Назарова 19-августта түндө Бишкектин чок ортосунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган. Ал жеңил автоунаа менен кагышкан мотоциклдин артында отурган. Мотоциклди айдап бараткан 21 жаштагы бала каза болуп, машинанын ичиндеги кишилер түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Назарова оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда жатат, өзүнө келе элек.
Ошол эле күнү Назаров элден жардам сурап, кызына кан керек экенин айткан.
"Баарыңыздарга рахмат. Аделина үчүн эртең менентен тарта кишилер келип кан тапшырып жатышат. Көбү чалып колдоп жатышат. Кызым дагы деле өзүнө келе элек. Андыктан Аделина үчүн да дуба кылууңуздарды суранам", — деди Назаров.
Күбөлөрдүн айтымында, мотоцикл милиция кызматкерлеринен качып катуу ылдамдыкта келе жатып, жеңил унаа менен кагышкан. Ал эми шаардык милициянын билдирүүсү боюнча инспекторлор түнкү саат 1:30дар чамасында Тоголок Молдо көчөсү менен катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди байкап, артынан келгенде жол кырсыгына кабылып жатканын көрүшкөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө дайындалды.