БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Шабдан баатыр (мурдагы Алматы) көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка жолдон чыгып түркүктү сүзгөн. Бул тууралуу күбө билдирди. Ага ылайык жол кырсыгы болжол менен саат 22:40тар чамасында болгон. Ал ошондой эле жол кырсыгынан жабыркагандар болушу ыктымалдыгын айтты.
Социалдык тармакка жарыяланган видеодо маршрутка жолдон чыгып, түркүктү сүзгөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле кырсык болгон жерде мүшөк картошкалар төгүлүп жатат. Жол кырсыгына кабылган маршрутка картошка ташып баратышы мүмкүн.
Шаардык милиция жол кырсыгы катталганын тастыктап, окуянын чоо-жайы кийинчерээк толук маалымадалат деп ишендиришти. Ал эми Тез жардам кызматы болсо, дарыгерлердин бридагасы барган учурда жеринде эч ким болбогонун билдирди.