БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Анталияда турист ташыган автобус ала салып, кеминде алты киши түрдүү жаракат алганын Yenisafak басылмасы жазып чыкты. Ага ылайык, автобустун ичинде 26 киши болгон.
Antalya'da tur otobüsü devrildi… Yaralılar var
— 🔴 Haber Portalım 🔴 (@Habertaze) 21 августа 2017 г.
Antalya-Kemer karayolundaki Orhan Büyükalp Tüneli çıkışında, için… https://t.co/OjB0a3mqaD
Жол кырсыгы Анталия — Кемер жолунун орхан Бүйүккалп туннелинен чыга беришинде катталган
Ооруканага жеткирилгендердин экөө балдар экени маалымдалды.
Айдоочунун берген түшүндүрмөсүнө ылайык, ал жамгырдан улам рулду башкара албай калган.
Автобустун ичинде кайсы мамлекеттин жарандары болгону такталууда.