БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Калыкбек Султанов КР президентинин кеңешчилик кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев Султановду өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан алган.
Ал кеңешчилик кызматына чейин Транспорт министри болгон. Өлкө башчынын кеңешчиси катары 2016-жылдын май айынан тарта иштей баштаган.