БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бүгүн, 15-август күнү, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрилиги менен германиялык Fresenius Medical Care компаниясынын ортосунда гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча келишимге кол коюларын Инвестиция жана экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Кыргызстанда ишке ашып жаткан биринчи келишим.
"Аталган компания эл аралык сынактын негизинде Кыргызстандын бардык мыйзамдарына ылайык тандалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул долбоордун алкагында Fresenius Medical Care компаниясы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт.
Кыргызстанда гемодиализ кызматынын бир жолку сеансы 7 миң сомго чейин жетет.