БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. "Пусть говорят" теле берүүсүнө Дмитрий Борисов аттуу жаңы алып баруучу тандалганын РИА Новости агенттиги стилист Влад Лисовецке шилтеме берип жазып чыкты.
Лисовецтин айтымында, берүүнүн конокторуна Андрей Малахов эмне себептен кеткендигин эч ким түшүндүргөн эмес.
"Дмитрий Борисов жаңы алып баруучу болуп тандалды. Баягы эле коноктор, баягы эле көрүнүш, болгону Андрей жок. Эч ким эч нерсе түшүндүргөн дагы жок. Берүүнүн акырында Малахов чыга калабы деп үмүттөнгөм, бирок андай болбоду", — деди стилист.
Айрым ЖМКлар жакынкы аралыкта Малахов Биринчи каналдан кетиши мүмкүн экенин жазып чыккан. Буга алып баруучу менен жаңы продюсердин ортосунда чыккан түшүнбөстүктөр себеп экени айтылган. Бирок Малахов өзү ушул күнгө чейин бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.