БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Америкалык реалити-шоунун жылдызы, актриса жана фотомодель Ким Кардашьян өзүнүн кылыктары менен бул сапар да элди таңгалдырды. Бул туурасында Huffington Post жазды.
Ал Instagram баракчасына көкүрөгү ачык, денесин чыптаган жана чоң энелердин ички кийимин эске салган этегине тор тагылган чолок шымчан сүрөтүн жарыялаган.
Ал сүрөтүн коёру менен соцтармактагылар ызы-чууга түшүп, талкуулап жатып калды. Бир катарлары чоң энелердин дамбалын чечип, башкага алмаштырууну сунуштап да жиберишти.
"Бул менин энемдин ич кийимин элестетип жатат. Кардашьян анын үстүнө шым же көйнөк кийгенди унутуп калса керек да", — деп жазган дагы бири.
Модадан түшүнүгү барлар 36 жаштагы моделдин бул кылыгын ойлонулбай жасалган кадам деп баалады.
Башка бирөөлөр Кардашьянды бул кийимчен көргөндөн соң сыйлабай калышкандыгын жазды.
Анын бул сүрөтүн бир күндө 1,3 миллион адам "жакты" деген белги койгон.